Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Ван Гог тарткан сүрөт 61 миллион долларга сатылды


"Вазадагы гүлдесте" чыгармасы.

"Вазадагы гүлдесте" чыгармасы.

Голландиялык белгилүү сүрөтчү Винцен Ван Гог өлүмүнөн бир апта мурун тарткан “Вазадагы гүлдесте” аттуу натюрморту Нью-Йорктогу аукциондо 61 миллион 800 миң долларга сатылды. Адистер сүрөттү 30-50 миллион доллардын тегерегинде бааланат деп божомолдогон эле.

Ван Гог бул чыгармасын 1890-жылы жеке дарыгери Пол Гашеттин Франциядагы үйүндө тарткан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG