Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

Обама республикачылар менен иштешүүгө даяр экенин билдирди


АКШ президенти Барак Обама Конгресстин өткөөл шайлоосунда жеңип чыккан республикачыл саясатчылар менен тыгыз иштешүүгө даяр экенин айтты. Ак үйдө билдирүү жасаган Обама Республика партиясынын мүчөлөрүнө кайрылып, эбола вирусуна жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштү колдоого чакырды.

АКШ Конгрессиндеги өткөөл шайлоо 4-ноябрда өткөн. Бул саясий өнөктүк президент Барак Обаманын популярдуулугу төмөндөп калган мезгилге туш келди. Соңку сурамжылоого караганда, Обаманын президенттик ишмердигин 40 пайыздан көбүрөөк гана америкалыктар жактырат.

Демократ Обама Ак үйдө сүйлөп жатып:

- Мен жаңы Конгресс менен алдыдагы эки жылда жемиштүү иштегим келет. Бул табигый көрүнүш. Биздеги демократия дал ушундай. Америка элинин колдоосу менен биз көйгөйлөрдү чогуу чечебиз,- деди. (SE)

XS
SM
MD
LG