Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Панкратион боюнча Азия чемпиондугу Кыргызстанда өтөт


Эркектер жана кыз-келиндер арасындагы панкратион боюнча 2015-жылдагы Азия чемпиондугу Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын панкратион жана грепплинг боюнча федерациясынын президенти Нурлан Мурадилов билдирди. Анын айтымында, мындай чечим Венгриянын Кечкемент шаарында өткөн дүйнө биринчилиги аяктагандан кийин, күрөштүн бириккен түрлөрү боюнча эл аралык федерациясынын конгрессинде кабыл алынган.

Азия биринчилигин өткөрүүгө Сингапур жана Япония өлкөлөрү да сунуш берип, алардын өтүнүчү колдоо тапкан эмес. Учурда керектүү документтер жөнөтүлгөн.

Белгилеп кетсек, октябрь айынын 22синен 24үнө чейин Кечкемент шаарында болгон панкратион жана грепплинг боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчулары төрт байгенин ээси болушкан. Адилет Сарынтаев панкратион боюнча таймаштарда алтын, грепплингден коло, Эрлан Улугбеков панкратиондон күмүш медаль алса, Нурлан Курманалиев грепплинг боюнча күч сынашуудан коло байгени тагынган. (Ech/TSh)

XS
SM
MD
LG