Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:30

Депутат Аманбаева өзүнө козголгон ишти куру жалаа деп эсептейт


Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева

Бүгүн депутат Урмат Аманбаева кайрылуу таратып, өзүнө карата козголгон кылмыш ишин иниси акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин буга чейин башкы прокуратурага карата мыйзамдуу аракетине жооп катары, же болбосо иниси үчүн эжесинен өч алуу максаты катары баалады. “Башкы прокурор Аида Салянованын түздөн-түз көргөзмөсү менен мага карата “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгонун негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейм,” - деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле Урмат Аманбаева депутат болгуча мамлекеттик чоң кызматта ишетебегенин, Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы эсепчи кызматын 2010-жылы эле өткөрүп бергенин айтат.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаеваны Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү - коррупция боюнча айыптап, 27-октябрда кылмыш ишин козгогон. Аманбаева Ошто кургак учукка каршы күрөш борборунда башкы эсепчи болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыпталып жатат. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG