Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

Усупашвили: Грузиянын батышчыл курсу өзгөрбөйт


Грузия парламентинин төрагасы Давид Усупашвили өлкөдөгү соңку окуяларга карабастан тышкы саясат, НАТО жана Европа биримдиги менен интеграциясы өзгөрбөй турганын билдирди.

- Өлкөнү өнүктүрүү курсу жана өкмөттүн саясаты өзгөрүүсүз калат. Ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын Грузиянын парламенти аныктайт. Ошондуктан батышчыл курс өзгөрөт деп кооптонууга негиз жок, - деп билдирди Усупашвили 6-ноябрдагы маалымат жыйында.

5-ноябрда Грузиянын тышкы иштер министри Майя Панжикидзе менен Европа жана евроинтеграция иштеринин министри Алекси Петриашвили өкмөттүн тышкы саясий багытына ынанбай кызматтан кеткен. Үч министр алмашкандан кийин башкаруучу “Грузин кыялы” коалициясы парламентте көпчүлүктү түзбөй калды. Бул окуя өлкө ичинде жана сыртында саясий кризис деп мүнөздөлүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG