Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Бүгүн Кыргызстанда Басма сөз күнү


1924-жылдын 7-ноябрында кыргыздын туңгуч гезити – “Эркин Тоо”, азыркы “Кыргыз туусу” жарык көргөн. Андан бери 90 жыл өтүп, учурда өлкөдө рекламалык басылмаларды кошпогондо 159 гезит чыгат.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча, телерадио, гезиттер кошулуп Юстиция министрлигинен бир жарым миңдей жалпыга маалымдоо каражаттары каттоодон өткөн.

Ошондой эле бүгүн Кыргызстанда Октябрь социалисттик революция күнү майрамдалат. Бул күн жылнаамада кызыл менен белгиленип, дем алыш деп жарыяланган.

Эгемен Кыргызстанда 7-ноябрды кайрадан майрамдоо тууралуу чечим коммунисттердин сунушу менен 2001-жылы парламентте кабыл алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG