Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Атамбаев Казакстанга учуп кетти


Бүгүн, 7-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын борбору Астана шаарына мамлекеттик иш сапары менен учуп кетти.

Анда Кыргызстандын Бажы жана Евразия экономикалык биримдиктерине кирүүсүнөн сырткары электр энергиясына байланыштуу маселе да талкууланышы күтүлүүдө.

Сапар жүрүшүндө президент Атамбаев Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен тар чөйрөдө жолугушат.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанга 2 млрд. 300 млн. киловатт саат электр энергиясы жетишпейт. Аны жабуу үчүн Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууга аракет жасалууда.

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга сапарынын алдында казак маалымат каражаттары менен маек куруп, анда Кыргызстан быйылкы жылы энергетикалык кыйынчылыктарга кабылып турганын жана жардамга муктаж экенин билдирген. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG