Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Башкы прокуратура депутат Аманбаевага жооп кайтарды


Башкы прокуратура бүгүн кайрылуу таратып, Жогорку Кеңеш депутаты Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш иш анын иниси акыйкатчы Бакыт Аманбаевге өчөшүүдөн улам козголгон деген дооматты четке какты.

Кайрылууда Ош облустук Кургак учук борборунун кызматкерлеринин, алардын ичинде Урмат Аманбаеванын иши Бакыт Аманбаев акыйкатчы болуп дайындалганга чейин эле иликтенип, мыйзам бузуулар аныкталганы жазылат.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаеваны Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү - коррупция боюнча айыптап, 27-октябрда кылмыш ишин козгогон. Аманбаева аталган борбордо башкы бухгалтер болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыпталып жатат. Депутат Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш иштин алкагында Ош облустук Кургак учук борборунун мурдагы жетекчиси Облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынган.

Урмат Аманбаева болсо өзүнө тагылган айыптоолорду четке кагып, кылмыш ишин иниси акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG