Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Астанада кыргыз-казак президенттери жолугушууда


Казакстан Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөшү жана соода-сатык көлөмү боюнча 3-орунда турат. 2013-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 965 млн. долларды түзгөн. Анын 569,9 млн. доллары импорт, ал эми 395,6 млн. доллары экспорт. Мындай маалымат кыргыз президенти Атамбаев менен казак президенти Назарбаевдин жолугушуусунда белгилүү болду.

2006-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 362 млн. доллардын деңгээлинде болгон. Кыргызстан экспорттогон жалпы электр энергиянын 86 пайызы, сүт азыктарынын 96 пайызы, жашылча, мөмө-жемиштердин 56 пайызы, кийим-кеченин 52 пайызы Казакcтанга кетет. Ошол эле кезде Кыргызстан сырттан ташыган буудай менен көмүр Казакстандан алынып келет. Андан сырткары Кыргызстан сырттан импорттогон органикалык эмес химиялык заттардын 53 пайызы, минералдык сырьенун 70 пайызы жана ундун 97 пайызы Казакстандан ташылат.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Казакстанга мамлекеттик сапар менен барды. Астанада эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жогорку жыйыны өтүүдө. Анын соңунда бир катар кедишимдерге кол коюлары күтүлүүдө. Мамлекеттер аралык кеңеш эки өлкөнүн алакасын жана ортодогоу келишимдерди, багыттарды көзөмөлдөгөн эң жогорку орган, ага эки мамлекеттин президенттери төрагалык кылат. (ZB/TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG