Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Президент Обама Хаменеиге кат жазды


Wall Street Journal гезитинин жазганына караганда, АКШ президенти Барак Обама октябрда Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеиге жашыруун кат жазган. Гезиттин ырастоосунда, катта “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөшүүдөгү кызматташтык Ирандын ядролук келишимине байланыштырылган. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Өрнест бул маалыматты бышыктоодон же төгүндөөдөн баш тартып, Иран саясаты өзгөрүүсүз калууда деп билдирди.

5-ноябрда Обама АКШ Тегеранга атомдук энергияны тынчтык максатында пайдаланууга жол ачкан сунуштарды жолдогонун, Ислам жумурияты утурумдук келишимдин шарттарына көнгөнүн айткан.

XS
SM
MD
LG