Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Берлин дубалынын кулашына арналган иш-чаралар башталды


Бүгүн “кансыз согуштун” символу - Берлин дубалынын кулашынын 25 жылдыгына арналган 3 күндүк иш-чаралар башталды. Чыгыш Германияда чоңойгон канцлер Ангела Меркел жакында интервьюларынын биринде 35 жылдан кийин келген “эркиндик сезимин” эч качан унутпасын айткан. Меркел бүгүн Чыгыш Германиядан качууга аракеттенип, каза тапкан немистерди эскерүү иш-чарасына катышмакчы.

СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев шаар бөлүнгөндөн кийин пайда болгон Чарли текшерүү пунктуна, башка тарыхый жайларга барат деп күтүлүүдө. Горбачевдун реформалары, кайра куруу саясаты дүйнөдөгү глобалдуу өзгөрүүлөргө алып келген.

9-ноябрда бириккен Германиянын борборунда чоң майрамдык фестиваль уюштурулат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG