Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

АКШнын мурдагы элчисин контрчалгындоо кызматы текшерүүдө


Америкалык мурдагы дипломат, Пакистан боюнча экспертти федералдык контрчалгындоо кызматы текшерип жатат. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаменти билдирди. Робин Рафель айым бир кездери Тунисте элчи, кийин Пакистанга аскерий эмес жардам берүү боюнча улук кеңешчи болуп иштеген. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Йен Псакинин айтымында, иликтөө ушул октябрда башталган, ал эми Рафель менен контракт 2-ноябрда токтотулду.

Элчи 2005-жылы тышкы мекемеден пенсияга чыгып, 2009-жылы контракттын негизинде кызматка алынган. The Washington Post басылмасы жазганына караганда, мындай иликтөө адатта чет өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылган деп шектелгенде жүргүзүлөт. Бирок дипломаттын эмне себептен текшерилип жатканы жана анын Пакистандагы ишине байланышы барбы же жокпу белгисиз.

XS
SM
MD
LG