Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

Түрк президенти Түркмөнстанда эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулады


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ашхабаддагы эки күндүк сапарын баштады. Бул анын август айында мамлекет башчы болуп шайлангандан бери Түркмөнстанга болгон алгачкы сапары. Президент Гурбангулы Бердимухамедов менен жолугушуунун алдында Эрдоган эки өлкө ортосундагы “ансыз да жакшы өнүккөн алакалар мындан ары да өрчүй берет” деп кабарчыларга билдирди.

Президент соода, маданият, туризм, курулуш тармактарындагы кызматташтыкты белгилей кетти. Табигый ресурстарга бай Түркмөнстан газды Европа өлкөлөрүнө ташууда Түркияга транзит өлкө катары таянат.

XS
SM
MD
LG