Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Донецкте эки жүздөй жикчил набыт кетти


Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдерге каршы операция жүргүзүү борборунан түшкөн маалыматка караганда, өкмөттүк күчтөрдүн артиллериялык аткылоосунан 6-ноябрдан бери Донецк аэропортунун жанында 200дөй жикчил набыт кетти. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тарабынан тастыктоо мүмкүн болгон жок.

Маалыматтарга караганда, май айынан бери жаңжал 4 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти.

“Антитеррордук операция” борборунун маалымат кызматынын Фейсбуктагы баракчасында айтылгандай, украин куралдуу күчтөрүнүн турумдарын аткылаган жикчилдер артиллерия менен антитеррордук мекеменин аскерлери тарабынан жок кылынды.

Донецк аэропорту 5-сентябрда түзүлгөн ок атышпоо келишимине карабай, салгылашуулардын очогу бойдон кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG