Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Казакстандан алынчу электр энергиясынын баасы 5 сомдон жогору болот


Казакстан электр энергиясынын 1 кВт. саатын 5 сомдон бир аз жогору баада Кыргызстанга сатат, бирок 5 сомдон канча жогору болору жакынкы күндөрү анык болот. Бул маалымат президенттин Астанага сапары учурунда айтылды. Учурда Энергетика министрлиги Казакстандан келген электр энергиясынын баасы өлкөнүн өзүндө өндүрүлгөн электр энергиясы менен кошо эсептелгенде 2 сом 05 тыйын болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө. Бирок бул 700 кВт. сааттан ашыкча колдонгондор үчүн гана. Ал эми электр энергиясын бул көлөмгө чейин колдонгондор мурдагыдай эле анын кВт. саатына 70 тыйындан төлөй берет.

Жаңы сунушталып жаткан тариф саясатын талкуулоо 15-ноябрга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG