Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Баткендеги диний мекемелер талапка жооп бербейт


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Курбаналы Узаковдун «Азаттыкка» билдиришинче, Баткен облусунун аймагында тогуз медресе жана бир Ислам институту бар, бирок анын баары талапка жооп бербейт. Диний билим берүүчү мекемелерде окуу пландары жана окутуунун сапаты, балдар үчүн түзүлгөн шарттар жакшы эмес.

Узаков диний мекемелерде сабак берген мугалимдердин көпчүлүгү чет өлкөдөн билим алгандар экенине токтолуп, келечекте Кыргызстандагы диний окуу жайларды аяктагандар ишке алынышы керектигин айтууда. "Бул четке билим алууга кетип жаткан балдардын санын азайтат", - деди Узаков.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда жалпы жонунан 91 диний билим берүүчү мекеме бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG