Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Өкмөт Шабдан баатыр тууралуу тасма тартууга 10 млн. сом бөлөт


Өкмөт Шабдан баатыр тууралуу тасма тартуу үчүн 10 млн. сом акча бөлөт. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Шабдан баатырдын Чоң-Кеминде өткөн 175 жылдык мааракесинде билдирди. Анын айтымында, фильмдин долбоору ушул жылдын соңуна чейин аныкталышы керек.

- Биз буга чейин “Курманжан Датка” тасмасына акча бөлүп, тарыхый тасма көптөгөн ийгиликтерди жаратып жатат. Шабдан баатыр тууралуу да ошондой сапаттуу тасма жаралышы керек.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, аталган тасманын сценарийи үчүн алгач 100 миң сом бөлүнөт. “Курманжан Датка” тарыхый тасмасын тартууга 70 млн. сом бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG