Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Подмосковьеде экстремисттик топтун башчысы делген кыргызстандык өлтүрүлдү


“GTA бандасы” деген ат менен белгилүү болгон экстремисттик топтун лидери Рустам Усманов Подмосковьеде өлтүрүлдү. Бул тууралуу Орусиянын тартип коргоо органдары маалымат таратты. Маалыматка ылайык, Усманов күч органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операцияда жок кылынган.

14 кишинин өлүмүнө шектелген “Банда GTA” тобун жетектеген Рустам Усманов Ошто төрөлгөн. Атайын операциянын жүрүшүндө аталган топтун 10 мүчөсү колго түшүрүлгөн. Алардын экөө аял.

Алдын ала иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, экстремисттик топ диний идеяларды жайылтып, Орусияда бир канча терракттарды ишке ашырышкан. Топко өңчөй Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары мүчө болушкан. Учурда “Банда GTA” экстремисстик тобуна байланыштуу иштер тергелип жатат. Айрым маалыматтарда бул топ “Ислам мамлекети” радикал тобуна согушкерлерди даярдап турган.

XS
SM
MD
LG