Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:05

Оманда Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр өтүүдө


Омандын борбору Маскат шаарында Ирандын өзөктүк программасы боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр башталды. Ага АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри, Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф жана Евробиримдиктин өкүлү Кэтрин Эштон катышууда.
Расмий жолугушуунун алдында Жавад Зариф анын өлкөсү макулдашууга келүүгө умтулуп жатканын жана бул макулдашуу ноябрдын соңуна чейин ишке ашаарына ишенерин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы 18-ноябрда Венада өтөөрү күтүлүүдө. Ага АКШ жана Ирандан башка Британия, Орусия, Германия, Кытай жана Франция өкүлдөрү катышат.

Алты өлкөдөн турган топ Тегерандан өзөктүк программаны токтотууну талап кылып, ага жооп катары Ирандан эл аралык санкциялардын алынышын сунуштоодо.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG