Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:39

Токтогул суу сактагычында 11, 425 млр. кубметр суу бар


Электр станциялары” АКнын маалыматы боюнча бул өткөн жылга караганда 4 млрд. 241 млн. куб метрге, ал эми 2011-жылдагы көрсөткүчкө караганда дээрлик 8 млрд. куб метрге аз. 2011-жылы Токтогул суу сактагычынын чөйчөгү сууга толуп, 19 млрд. кубметрден ашкан.

Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу Токтогул ГЭСинен көз каранды. 2008-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд. кубметрге чейин төмөндөп, өкмөт элге электр энергиясын берүүнү чектеген. Адистер суу сактагычтагы суунун аздыгынан улам Кыргызстан быйыл кышында энергетикалык каатчылыкка кептелерин айтышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG