Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

АКШ Борбор Азиядагы курал-жаракты кайтарууга 400 миң доллар бөлөт


АКШ өкмөтү Борбор Азияда атуучу курал жана майда курал-жарактын талапка жараша сакталып турушун камсыз кылуу жана буга адистерди окутуу үчүн каражат бөлөт. Бул тууралуу 6-ноябрда АКШнын ЕККУ уюмундагы миссиясы расмий кабарлады. Миссиянын туруктуу өкүлү Даниел Бэердин айтымында, Кыргызстан жана Тажикстан үчүн жалпысынан 402 миң доллар ЕККУ аркылуу бөлүнөт. Аталган гранттын 120 миң доллары Тажикстанда жарылып кетүү коркунучу бар материалдардын санын азайтууга жана 282 миң доллары Кыргызстанда курал-жаракты кайтаруу, жок кылууга жумшалат.

- Саясый туруксуздуктан жабыркаган аймактарда мыйзамсыз курал-жарактын жайылышы тынчтыкка жана экономикалык өсүшкө тоскоолдук жаратат, - деп айтылат АКШ өкүлүнүн билдирүүсүндө.

АКШ 1993-жылдан бери дүйнөнүн 60 өлкөсүнө мыйзамсыз курал-жарак коркунучун азайтууга 2,5 млрд. доллар жардам көрсөткөн. (UEz)

XS
SM
MD
LG