Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Сот аялдар ассоциациясы түзүлөт


Кыргызстанда сот болуп иштеген аялдар ассоциациясы түзүлмөй болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады.

Анын айтымында, жакында Конституциялык палатанын судьясы болгон эки кыргызстандык айым АКШнын Сот аялдар ассоциациясынын жыйынына катышып, тажрыйба топтоп келди.

Жаңы түзүлө турган улуттук ассоциация Кыргызстандын сот системасынын көз каранды эместигин камсыз кылууга, анын ролун жогорулатууга, жарандардын сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө салым кошуу максатын көздөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG