Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:11

Жол кырсыгына кабылган кабарчынын абалы оор


Коомдук телерадиокорпорациясынын “Ала-Тоо” маалымат программасынын кабарчысы Уланбек Дыйканбаев жол кырсыгына кабылып, учурда абалы оор бойдон ооруканада жатат. Бул тууралуу жубайы Анар Мамбеталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында дарыгерлер ага кайдыгер мамиле кылууда.

- Аны 6-ноябрда машине сүзүп кеткен. Баш сөөгү талкаланып, учурда абалы оор. Бирок дарыгерлер такыр карабай жатышат, - деди Мамбеталиева.

Уланбек Дыйканбаев 6-ноябрда иштен чыгып келатканда машине сүзүп кеткен. Учурда ал №4 ооруканада жатат. Жол кырсыгынын күнөөкөрү кармалып, учурда тергөө жүрүүдө.

№4 оорукананын жетекчиси Сабыр Жумабековдун "Азаттыкка" айтымында, доктурларга карата айтылган айып негизсиз:

- Жекшембиден бери ал баланы өзүм карап жатам. Операцияны азыр жасабай жатканыбыздын себеби - анын абалы азыр орточо оор болгондуктан көтөрө албай калышы мүмкүн. Бир аз өзүнө келсин. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG