Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Каталондор символикалык референдумда көз карандысыздыкты колдоду


Добуш берүүнүн жүрүшү. Барселона, 9-ноябрь, 2014-жыл.
Добуш берүүнүн жүрүшү. Барселона, 9-ноябрь, 2014-жыл.

Испаниянын түндүк-чыгышындагы Каталония облусунда кечээ өткөн добуш берүүгө ага укуктуу 5,4 миллион адамдын 2 миллиондон ашууну катышты. Маалыматтарга караганда, 1,6 миллион адам Испаниядан бөлүнүүнү колдоду.

Добуш берүүгө калк анчалык жигердүү катышпаганына карабай Каталониянын лидери Артур Мас анын жыйынтыгын жеңиш катары баалады.

Испан өкмөтүнүн даттануусунан кийин өлкөнүн Конституциялык соту Каталониядагы референдумду мыйзамсыз деп тапкан.

Бирок буга карабай жергиликтүү лидерлер добуш берүүнү ыктыярчылар аркылуу расмий эмес форматта уюштурушту. Каталондор Испаниядагы калктын 16% түзөт. (UE)

XS
SM
MD
LG