Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Ооганстандагы жардыруулардан 11 адамдын өмүрү кыйылды


Ооган бийлиги билдиргендей, алардын ону полиция офицерлери, бирөө - жай тургун. Жардыруулар өлкөнүн чыгышындагы Логар жана Нангархар провинцияларында жасалды.

Жанкечти өзүн Логар провинциясынын борборунда, полиция кеңсесинин алдында жардырганда жети полициячы жана бир жай тургун мерт болгон.

Ал эми Нангархар провинциясында кирекеч арабага коюлган бомбанын жарылуусунан үч полициячынын өмүрү кыйылды.

Бүгүн ошондой эле борбор Кабулда, университет алдындагы жарылуудан үч адам мерт болду. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG