Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Германия: Украина келишимин Орусия да карманышы керек


Немец тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер бул туралуу бүгүн казак борбору Астанада иш сапары мен жүргөн жеринен билдирди.

Анын айтымында, Украинанын чыгышындагы кырдаал азыр кайра начарлоодо, ок атышууну токтотуу боюнча 5-сентябрда жетишилген тынчтык келишимди тараптардын баары, анын ичинде Орусия да карманышы керек.

Мунун алдында кечээ Еврошаркет менен АКШ орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймакта аскерлердин жана аскерий техниканын чоң кербени жүргөнүнө камтамачылык билдирген эле.

Ок атышууну токтотуу макулдашуусу жетишилгенден берки эң ургаалдуу артиллериялык атышуулар Донецк облусунда кечээ орун алды. (UE)

XS
SM
MD
LG