Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Транспорт министрлигинин кызматкерлери боюнча тогуз кылмыш иш тергелүүдө


Башкы прокуратура тарабынан Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкерлерине карата 9 кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу бүгүн Баш прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу парламенттин коррупцияга каршы комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында аталган министрликтеги жемкорлуктан өлкө казынасына соңку жылдары 49 млн. сом зыян келтирилген.

Башкы көзөмөл органы Транспорт министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйканов баш болгон бир катар аткаминерге коррупцияга байланыштуу иш козгогон.

Министрликтин маалыматында 2012-жылдан бери Кыргызстандын жол тармагына 1,2 млрд. доллар грант жана насыя сарпталган. Келерки жылга карата 750 млн. доллар парламенттин ратификациясын күтүп турат. Министрликтин бюджети 1,8 млрд. сомду түзөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG