Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Наристени энесинен алып кеткен түрк жараны изделүүдө


Бишкек тургунунун он айлык баласын атасы, түрк жараны алып кеткен бойдона дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу баланын энеси, 31 жаштагы келин өзү арыз менен кайрылган. Шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казакбаев:

- Он айлык Самирди эс алуу жайынан алып кеткен боюнча келген эмес. Учурда түрк жаранына милиция тарабынан издөө салынды, - деп билдирди.

Окуя 8-ноябрда “Космопарк” эс алуу жайында болгон. Баланын энеси дароо милицияга жардам сурап кайрылган. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG