Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Даңазалуу советтик учкуч Талгат Бегельдинов дүйнөдөн өттү


Бүгүн Алматыда 92 жаш курагында дүйнөдөн өткөн Талгат Бегельдинов мурдагы СССРдин Баатыры наамын эки ирет алган согуш ардагерлеринин ичинен көзү тирүүлөрүнүн акыркысы эле.

Ал Улуу Ата мекендик согуш учурунда СССРдин Баатыры наамын эки ирет алган жалгыз казак да болгон.

Талгат Бегельдинов 1922-жылдын 5-августунда мурдагы Пишпек, азыркы Бишкекте жарык дүйнөгө келген.

1943-45-жылдардын аралыгында согуштук учууларга 305 ирет чыккан. Согуштун акыркы күндөрү Берлиндин үстүндө учууларды жасаган.

Согуштан кийин аскерий учкуч катары иштеп, генерал-майор чинине чейин өсүп жеткен. Кийин жарандык авиация тармагында эмгектенген. (UE)

XS
SM
MD
LG