Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Албания жана Сербия премьер-министрлери Косово боюнча кайым айтышты


Албания жана Сербия премьерлери Эди Рама менен Александр Вучич. Белград, 10-ноябрь, 2014-жыл.
Албания жана Сербия премьерлери Эди Рама менен Александр Вучич. Белград, 10-ноябрь, 2014-жыл.

Алардын кайым айтышуусу Албаниянын премьер-министри Эди Раманын Белградда бүгүн башталган тарыхый сапары учурунда болду.

Белграддагы басма сөз жыйынында сүйлөп жатып, Эди Рама Сербияны калкынын көбүн албандар түзгөн Косовонун көз карандысыздыгын таанууга чакырып, “силер канчалык тез таанысаңар, биз ошончолук алдыга тез жыла алабыз”, -деп белгиледи.

Серб премьери Александр Вучич өз кезегинде албан өкмөт башчысынын бул сөздөрүн “чагым” деп атап, Сербия мурдагы провинциясынын көз карандысыздыгын эч убакта тааныбай турганына токтолду.

Азыркы визит Албания премьер-министринин коңшу Сербияга акыркы 68 жылда алгачкы ирет келиши болду.

Визит адегенде өткөн айга мерчемделген эле. Бирок Албания менен Сербия курамаларынын футбол боюнча мелдеши кыянатчылыктар менен коштолгон соң кийинкиге калтырылган. (UE)

XS
SM
MD
LG