Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Обама менен Путин кыска сүйлөштү


Обама жана Путин АПЕКтин саммитинде сүрөткө түшүү учурунда. Бээжин, 10-ноябрь, 2014-жыл.
Обама жана Путин АПЕКтин саммитинде сүрөткө түшүү учурунда. Бээжин, 10-ноябрь, 2014-жыл.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн бири АКШ жана Орусия президенттеринин бүгүн Бээжинде, Азия –Тынч океан кызматташтык уюмунун саммити учурундагы сүйлөшүүсүн “кыска жолугушуу” деп мүнөздөдү.

Орусиялык “Интерфакс” агенттиги маалымдагандай, адегенде АКШ президенти салам берди. Эки президенттин учурашуусунан кийинки сүйлөшүү беш мүнөтчө уланган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жолугушуудан кабары жоктугун билдирди.

АКШ менен Орусиянын лидерлери Украинадагы жаңжаалдын тутаныш себептери жана Кремлдин Сирия президенти Башар Асадды колдоосу боюнча карама-каршы пикирди карманып келет.(UE)

XS
SM
MD
LG