Кыргыз эл жазуучусу Касымалы Жантөшевдин 110 жылдык мааракесине карата жазуучунун бардык чыгармалары камтылган беш томдук китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Улуттук китепканадан “Азаттыкка” кабарлашты. 10-ноябрда аталган китепканада Касымалы Жантөшевдин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган конференция болуп, “Калк кадырлаган талант” аттуу сүрөт-китеп көргөзмө ачылды.
Касымалы Жантөшев 1904-жылы Ысык-Көлдүн Тепке айлында туулган. Ал “Каныбек”, “Эки жаш”, “Ашуу ашкан суу” жана башка элүүгө жакын чыгармалары бар.(ZKo)