Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

“Санкт-Петербург сулуусу” улутчулдардын чабуулуна кабылды


Өткөн жумада интернеттеги “Миссис Санкт-Петербург” сынагын утуп алган, улуту бурят Виктория Маладаева президент Владимир Путинди сындаган пикиринен кийин улутчулдардын чабуулуна тушукту. Интернеттеги социалдык тармактарда аны “эл душманы”, “русофоб” деп айыптоолор жайнап, андан тышкары түрдүү коркутуп-үркүткөн сөздөр жазылууда. “Санкт-Петербург сулуусу” өзүнүн азиат түспөлүндөгү сырткы көрүнүшү үчүн айрым адамдар сындашарын күткөнү менен, өзгөчө саясий пикири үчүн эле мынчалык “ур-токмокко” алынары кооптондуруп жатканын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Виктория Маладаева Орусияга салынган санкциялар, баалардын кымбаттап жатышы – анын да башкы көйгөйлөрү экенин айтат.

26 жаштагы “Санкт-Петербург сулуусу” Бурятиянын тургуну, тогуз жылдан бери Питерде жашайт.

XS
SM
MD
LG