Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

АКШ Орусияны Украинадагы “согушту каржылоону токтотууга” үндөөдө


АКШ мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки Вашингтон Орусиянын “Чыгыш Украинадагы козголоңчуларды жабдуусун” сынга алганын билдирди:

-Биз Орусиянын Донбасстагы козголоңчуларды аскер жана техника менен жабдуусуна каршыбыз. ЕККУнун байкоочулары Орусиядан аскердик техникалар чатак басылбай жаткан аймакка кирип жатканын маалымдашкан. Бул козголоңчулар тарабынан Донецкидеги аэропорттун айланасын аткылоону күчөөсүнө алып келүүдө.

Жен Псаки Орусия 5-сентябрдагы тынчтык келишимин бузуп жатканын белгилеп, бул улана бере турган болсо, Москвага карай санкциялар дагы күчөтүлөрүн жарыя кылды. Мамдепартаменттин өкүлү ошондой эле Кремль Украинада набыт болгон аскерлери тууралуу маалыматты мамлекеттик сыр деп жарыя кылганын да белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG