Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Атамбаевдин Түркмөнстандагы иш сапары уланууда


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын борбору Ашхабаддагы аба майданында.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын борбору Ашхабаддагы аба майданында.

Кыргызстандын мамлекет башчысы бүгүн түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедов менен жолугушат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жолугушуу Ашхабаддагы Өгүзхан сарайында болот. Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга энергетика маселеси боюнча сүйлөшүү максатында барары кабарланган. Ага ылайык, сүйлөшүүлөрдө Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясын жана газ алуу маселелери көтөрүлөт.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына кечээ кечке жуук барган. Аны Түркмөнстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Рашит Мередов тосуп алды.

Мурдараак Түркмөнстанга кыргызстандык жумушчу топ барып, быйыл кышта электр энергиясын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүп келген.

Алмазбек Атамбаев акыркы он жылдан берки Түркмөнстанга Кыргызстанга иш сапары менен барган алгачкы президент. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедов Бишкекке ШКУнун саммити учурунда ардактуу конок катары келген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG