Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Кыргыз-өзбек чек арасында ок жеген жарандын абалы оор


10-ноябрда Баткендеги Кызыл-Кыя – Кадамжай жолунда Өзбекстандын чек арачыларынан ок жеген кыргызстандык жарандын абалы оор. Бул тууралуу окуянын күбөсү Фархат Мусаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында жараат алган адамдын бутуна жана көкүрөгүнө ок тийген. Мындан тышкары коңшу өлкөнүн чек арачыларынын огунан 5 өзбек жараны да жараат алган. Алардын арасында каза тапкандар да бар экени айтылууда. Бирок бул маалыматты Чек ара кызматы тастыктай элек.

10-ноябрда Кызыл-Кыя – Кадамжай жолунда кыргызстандыктар унаадан жүк түшүрүп жатканда аларга өзбек чек арачылары ок аткан. Өзбек тараптын маалыматы боюнча алар аткезчилик жол менен тоок этин алып бараткан. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы учурда бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүп жатат. Окуяга катышкан дагы бир кыргыз жараны азыр УКМКнын аймактык бөлүмүндө кармалып турат.

Кызыл-Кыя - Кадамжай жолу транзиттик жол болуп эсептелгендиктен кыргызстандык автоунаалардын ал жолдо токтоого укугу жок. (JsA/UEz)

XS
SM
MD
LG