Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында быйыл элчиликтин жардамы менен Орусиянын ар кайсы аймактарынан Кыргызстанга 229 өлүк жөнөтүлгөн.
2013-жылдын 12 айында Орусиядан 357 кыргызстандыктын сөөгү келгени расмий кабарланган.
Орусияда жүргөн кыргыз жарандары боюнча расмий статистика жок, бирок 1 миллионго чамалап калганы бейрасмий айтылып келет. (UEz)