Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Обама менен Путин Украина маселесин сүйлөштү


АКШ жана Орусия президенттери Барак Обама менен Владимир Путин Бээжинде, Азия - Тынч океан кызматташтык уюмунун саммити учурунда бир нече жолу кыска жолугушууларды өткөрүштү.

- Эки лидер бир нече жолу кездешти. Кыска жолугушууларда эки тараптуу кызматташтык, Сирия, Украина жана Ирандагы кырдаал тууралуу да сөз болду, - деп билдирди Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Бирок Песков сүйлөшүү Австралияда өтө турган «Чоң жыйырманын” саммитинде улантылабы же жокпу тактаган жок.

Ак үй мурдараак Пекиндеги саммитте да, «Чоң жыйырманын» алкагында да эки лидердин ортосунда эч кандай расмий сүйлөшүүлөр болбой турганын билдирген.

АКШ менен Орусиянын лидерлери Украинадагы жаңжалдын тутаныш себептери жана Кремлдин Сирия президенти Башар Асадды колдоосу боюнча карама-каршы пикирди карманып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG