Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Си Цзинпин АТЭСке кирген өлкөлөрдү интеграцияга чакырды


Кытайдын президенти Си Цзинпин Азия – Тынч океан кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдү экономикалык интеграцияны тездетүүгө чакырды. Ал 11-ноябрда Бээжинде өтүп жаткан АТЭСтин саммитинде сөз сүйлөп жатып «бул дүйнөлүк экономиканы стимулдаштырууга шарт түзөт» деп айтты. Ошондой эле аталган уюмдун потенциалын көтөрүү жана бекемдөө үчүн Кытай 10 млн. доллар бөлүүгө даяр экенин кошумчалады.

АТЭС саммитинде лидерлер эки жыл ичинде эркин соода аймагын иликтөөнү макулдашты. Бул келишим тарыхый кадам катары бааланып жатат. Мындан сырткары коррупцияга каршы күрөшүү багытында биргелешип иштешүү сунушу колдоо тапты.

Азия – Тынч океан кызматташтык уюмунун саммити 10-ноябрда башталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG