Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Бишкекте 26 миңден ашык адам биометриялык маалымат тапшырды


Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Нуржан Найзабекова билдирди. Анын айтымында өзү тууралуу биометриялык маалымат тапшырган бишкектиктердин саны 26 400гө жетти.

Биометриялык маалымат алуу 27-августта жогорку бийлик жетекчилеринен башталган. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында аталган маалыматтарды массалык чогултуу иштери жүрүүдө.

Биомаалымат тапшырүү үчүн жер-жерлердеги стационардык жана мобилдик борборлорго 16 жаштан өткөн жарандар жанында паспорту менен келиши керек. Алар бармак изи, карегинин санариптик көчүрмөсүн жана кол тамгасын тапшырат. Биомаалымат тапшыруу милдеттүү түрдө, ал эми биометриялык паспорт берүү ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Бул ыкма шайлоодо “бир жаран - бир добуш” системасын камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. (UEz)

XS
SM
MD
LG