Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Кытай: өкмөткө каршы акциянын катышуучулару соттолду


Кытайдын Шиңжан соту уйгур азчылыгынын укугун коргоп акцияга чыккан 22 кишини 3 жылдан 16 жылга чейин абакка кести. Алардын бардыгына “улут аралык кастыкты козутту”, “коомдук тартипти бузду” деген айыптар тагылды. Соттолгондордун арасында дин ишмерлери да бар. Аларды сот “мыйзамсыз үгүттөгөн жапайы имамдар” деп атады.

Кытай бийлиги жакында этникалык уйгур тектүүлөр жасаган кол салууну ислам экстремизминин пайда болуусу катары сыпаттап жатат. Ошондой эле Шиңжанда аны жок кылууга чечкиндүү аракеттер көрүлөрүн билдиришүүдө.

Бээжиндеги АТЭС саммитине катышкан АКШ президенти Барак Обама Кытай маалымат каражаттарынын бирине интервью берип жатып, “Чыгыш Түркистан ислам кыймылын” террористтик уюм деп атады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG