Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

ЕККУ Украина чыгышында зомбулукту токтотууга чакырды


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму жаңжал токтобой жаткан Чыгыш Украинада зомбулук курчушу мүмкүн экенин эскертүүдө. Аталган уюмдун байкоочу миссиясынын өкүлү Майкл Боцюркив ок атышпоо тууралуу келишимге карабай орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактарда атышуу болуп эле келгенин билдирүүдө. Аталган уюм соңку кезде аймакта куралчан адамдардын көп жүрүүсү абалды курчутушу мүмкүн экени белгилеп, зомбулукту токтотууга чакырды.

Орусияга каршы санкцияларды киргизүү тууралуу Европа биримдигинин жаңы планы жок экенин Германия канцлери Ангела Меркел 5-ноябрда билдирген.

Ок атышпоо келишимине Украин бийлигинин, жикчилердин өкүлдөрү катышып, 5-сентябрда Минскте кол коюлган. Украинанын чыгышындагы жаңжалдардан төрт миңдей киши каза болгону, он миңге чукулу жараат алганы айтылууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG