Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Тамар Беручашвили Грузиянын жаңы тышкы иштер министри


Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили билдирди. Ал жаңы министрди тааныштырып жатып, «биздин максаттарды ишке ашырууга салымын кошот деп ишенем», - деп билдирди. Тамар Беручашвили буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген.

5-ноябрда Грузиянын тышкы иштер министри Майя Панжикидзе менен Европа жана евроинтеграция иштери боюнча министр Алекси Петриашвили өкмөттүн тышкы саясий багытына ынанбай кызматтан кеткен. Үч министр алмашкандан кийин башкаруучу “Грузин кыялы” коалициясы парламентте көпчүлүктү түзбөй калган. Бул окуя өлкө ичинде жана сыртында саясий кризис деп мүнөздөлгөн.

Панжикидзе менен бирге анын төрт орун басары, анын ичинде Беручашвили да кызматтан кеткени, бирок кийин ордуларында эле калганы айтылган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG