Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

УКМК жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жарандарды үчүнчү бир өлкөлөрдөгү куралдуу кагылыштарга катышууга баргызбоо максатында жер-жерлерде тегерек үстөл талкууларды өткөрүүдө. Иш-чараларга жергиликтүү бийликтин жана күч кызматтарынын өкүлдөрү, дин ишмерлери, мугалимдер, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тартылып, жаштардын катышуусунда өтүп жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай иш-чаралар 4-5-ноябрда Нарын облусунун Жумгал, Кочкор райондорунан башталды. Жыйындарда калкка Жакынкы чыгыштагы кырдаал, Сириядагы согуш тууралуу так маалыматтар берилип, жашы жетелек балдарды чет өлкөлөргө диний окууга жиберүү маселеси талкууланды.

Түшүндүрүү иштеринин негизги максаты жаштарды эл аралык диний-экстремисттик уюмдарга азгырылып кетүүсүнүн алдын алуу болуп саналат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мындай иш-чараларды башка аймактарда да өткөрүүнү көздөөдө.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандан Сирияга кеткендердин саны 150 чамалуу, алардын арасында аялдар да бар. Үй-бүлөсүн толугу менен алып кеткендер бар экени да кабарланууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG