Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Тыңчылыкка шектелген Муралиевдин иш милдетин Исмаилов аткарууда


Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев тыңчылыкка шектелип камакка алынгандан бери анын иш милдетин убактылуу Адылбек Исмаилов аткарууда. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан кабарлашты. 33 жаштагы Исмаилов Муралиевдин орун басары.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев тыңчылык кылган деген кине менен кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына өткөн аптада камакка алынган. Ага УКМК кызматтык жашыруун сырды чет өлкөгө берген деген берене менен кылмыш иш козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Алтынбек Муралиев былтыр 11-октябрда ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Ага чейин ал аталган бөлүмдө эксперт жана ага эксперт катары иштеп келген. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG