Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

Кылмыш иш козгоодон баш тартуу процедурасын өзгөртүү сунушталууда


Бүгүн Жогорку Кеңеште өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кодекске өзгөртүү киргизилсе кылмыш иш козгоодон баш тарткан тергөөчү ошол чечиминин көчүрмөсүн арыз эссине берүүгө милдеттүү болот.

Укук коргоочулардын айтымында, күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылгандыгы тууралуу даттангандардын көбүнүн арызы жоопсуз калууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG