Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Ошто “Китеп камкордугу” акциясында беш миңдей китеп чогулду


Ош шаарында “Үйдөгү окулбай турган китептерди тамызгыга эмес, келечек муунду билим менен кубандыруу үчүн колдонолу ” деген ураан астында уюштурулган акциянын жыйынтыгында 5012 даана китеп чогулду. Шаардыктар бул акцияга активдүү катышканын Ош шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди.

Акциянын жүрүшүндө айрым мектептерге демөөрчүлөр, ата-энелер тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жаңы китеп сатып алуу үчүн акчалай жардам берилди.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерде окуу китебинин саны буга чейин 47 447 болсо, эми 52 462ге жетти. (ErN).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG