Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Ооганстанда апийим өстүрүү рекорддук чекке жетти


Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы жарыяланган докладында белгиленген. Аталган уюмдун Маңзат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда быйыл 224 миң гектар жерге апийим өстүрүлгөн. Бул өткөн жылга салыштырганда 7 пайыз көп дегенди билдирет. Башкармалыктын өкүлү Жан Люк Лемахю апийим өндүрүүнү токтотуу аракетинен жакшы майнап чыкпай жатканын белгиледи.

Кошмо Штаттар соңку 13 жылда апийим өндүрүмүн кыскартууга байланыштуу иш-чараларга 7,5 млрд. доллардан ашуун каражат короткон.

Апийим негизинен Ооганстандын талиб согушкерлеринин таасири күчтүү болгон түштүк жана чыгыш чөлкөмдөрүндө көп өстүрүлөт.

Ооганстан учурда дүйнөдө өндүрүлгөн апийимдин 80 пайызын берет. Андан кийинки орунда Мьянма мамлекети турат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG