Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

АКШ менен Кытай уу газдын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча макулдашты


АКШ жана Кытай президенттери Барак Обама менен Си Цзинпин климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу бирге иштөө планын жарыялады. Бул тууралуу эки лидер 12-ноябрда, Бээжиндеги сүйлөшүүдөн кийин билдиришти. Обама булганыч газдын бөлүнүшүн 2025-жылга чейин 28 пайыз кыскартуу маселесин көтөрдү. Өз кезегинде Си Цзинпин Кытай 2030-жылга чейин керек болгон энергиянын көлөмүн башка булактардын эсебинен көбөйтүп, уу газдар эмиссиясын болушунча азайтарын белгиледи.

АКШ жана Кытай аскерий жана терроризмге каршы күрөшүү багытында биргелишип иштешүүнү сүйлөштү. Бул үчүн эки тараптуу келишим даярдоо макулдашылды. Анткен менен Бээжин жана Вашингтон киберкоопсуздук жана соода маселесинде эки башка көз карашты карманып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG