Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Дарыяга түшүп кеткен эки жарандын сөөгү табылды


Автокырсыктан улам Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына түшүп кеткен эки жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Каза болгондор 8 жаштагы Акылбек кызы Батмабү жана 46 жаштагы Тумар аттуу аял.

Оштун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл аймагында 11-ноябрдын түнүндө Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда бараткан “УАЗ-469” үлгүсүндөгү унаа Тар дарыясына түшүп кеткен. Натыйжада унаадагы 9 жүргүнчүнүн жетөө жабыркаган.

Дарыяга агып кеткен эки жарандын сөөгү окуя болгон жерден 1,5 – 2 чакырым аралыктан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG